ЖЕ АРЫ, ЖЕ БЕРИ ЭМЕС
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Аягына чейин абдан так бүтпөй, бир жаңсыл болбой, орто жерде, илең-салаң, ара бек болуп турган ишке ж.б карата колдонулат. Акыры үй ээсинин чыдамы жептей буркан-шаркандады! - Же ары эмес, же бери эмес, кайда, силердин көкөлөткөн куйөө балаңар! Анын Айылчы агасы не ыңгыранат (Бейшеналиев).